Кыргызстандын жаштары – жашыл экономика үчүн! “Жашыл Толкун” сынагынын жыйынтыктары
Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов 27-июнда «Жашыл толкун» сынагынын жеңүүчүлөрүн дипломдор жана баалуу белектер менен сыйлады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мыкты долбоорлорго бизнес-коомчулук жана өнөктөштөр тарабынан мындан аркы коштоо жана колдоо көрсөтүлөт.
Сынак өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын жана кесиптик лицейлеринин студенттерин бириктирип, «жашыл» чечимдерди жана экологиялык жоопкерчиликтүү демилгелерди сунуштоочу аянтчага айланды. Катышуучулар туруктуу өнүгүү жана «жашыл» ишкердик жаатындагы билимдерин жана көндүмдөрүн көрсөтө алышты.
Иш-чара JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан Кыргызстан жаштарынын «жашыл» экономика багытындагы потенциалын өнүктүрүү долбоорунун алкагында уюштурулду.
Бул долбоор Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүүгө жаштарды тартуу боюнча маанилүү кадам болду.
