Соода-өнөр жай палатасы риэлтор агенттерине алгачкы сертификаттарды тапшырды
КРнын Соода-өнөр жай палатасында (СӨП) «Риэлтордук ишмердүүлүк жөнүндөгү» Мыйзамга ылайык окуудан өткөн риэлтор агенттеринин алгачкы тобуна сертификаттар салтанаттуу түрдө тапшырылды. Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты.
Риэлторлорду даярдоо жана аттестациялоо милдети СӨПко жүктөлгөн. Биринчи агымдын угармандары эки жума ичинде риэлтордук ишмердүүлүккө тиешелүү укуктук, кесиптик жана практикалык сабактарды өздөштүрүштү.
Окууну ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификаттарды Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев салтанаттуу түрдө тапшырды.
Бул документ риэлтор агенттин тиешелүү билимге жана мыйзамдагы талаптарга жооп берген деңгээлге жеткенин тастыктайт.
