Кыргызстанда электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилди
Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилди.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Министрлер Кабинетинин бул токтому – тартыштык шарттарында электр энергиясын керектөөчүлөрдү электр менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жабдуу, ошондой эле электр менен жабдуучу уюмдардын чыгымдарынын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Бул токтом 2025-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет. Толук маалыматты төмөндөгү шилтеме аркылуу алсаңыздар болот.
