Бишкекте “Кыргыз Жангак” брендинин улуттук өнүктүрүү планы башталды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин имаратында “Кыргыз Жангак” улуттук бренди аркылуу жапайы жаңгакты жайылтуу долбоору боюнча техникалык жумушчу топтун биринчи жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушуу Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан демилгеленген жана "Бир өлкө – бир артыкчылыктуу продукт" (One Country – One Priority Product, OCOP) глобалдык программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоордун маанилүү кадамы болуп саналат.
Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 14-июнундагы буйругунун негизинде түзүлгөн. Анын курамына төмөнкү мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрү кирет:
- Айыл чарба министрлиги,
- Инновация, билим берүү жана илим министрлиги (Кыргызпатент)
- Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги,
- Кыргыз аккредитация жана стандартташтыруу борбору,
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши,
- Токойчулар жана жаңгак өстүрүүчүлөрдүн ассоциациясы,
- ZENIUS коомдук фонду,
- маркетинг жана брендинг боюнча көз карандысыз эксперттер.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги максаттар боюнча пикир алмашып, иш-пландарды такташты:
- “Кыргыз Жангак” бренди үчүн улуттук маркетинг планын иштеп чыгуу;
- Географиялык көрсөткүч катары 2024-жылы катталган “Арстанбап жапайы жаңгагы” аталышы астында бренд стратегиясын жана визуалдык иденттүүлүктү түзүү;
- Экологиялык таза таңгактоону жана заманбап санариптик жайылтуу стратегиясын иштеп чыгуу;
- Кыргыз жаңгагы боюнча өзүнчө мыйзам долбоорун даярдоо.
Кыргызпатенттин өкүлдөрү катышуучуларга “Кыргыз Жангак” аталышын улуттук товардык белги катары коргоо жол-жоболору тууралуу маалымат беришти. Мамлекеттик стандартташтыруу органы учурда базалык “грек жаңгагы” стандарты колдонулуп жатканын, бирок “Кыргыз Жангак” үчүн өзүнчө стандарт иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев демилгени мыйзам чыгаруу деңгээлинде колдоого даяр экенин билдирип, бул аракет айыл тургундары үчүн туруктуу киреше булагын түзүүдө маанилүү экенин баса белгиледи.
Бренд-стратег Марсель Шейшенов “Кыргыз Жангак” долбоорунун ийгилиги үчүн сапаттуу логотип жана таңгак менен чектелбестен, дүйнөлүк керектөөчүгө кыргыз жаңгагынын өзгөчөлүгүн таасын жеткирген бренд позициясын түзүү зарылдыгын белгиледи.
Долбоордун улуттук деңгээлдеги мааниси:
“Кыргыз Жангак” демилгеси Кыргызстандын агроөнөр жай секторунун туруктуу өнүгүшүнө чоң салым кошо алат. Жалал-Абад облусунун реликт токойлорунда өскөн жапайы жаңгак – бул жаратылыш байлыгы гана эмес, миңдеген үй-бүлөлөрдүн турмуш тиричилигинин булагы. Долбоор төмөнкү артыкчылыктарды берет:
Географиялык көрсөткүч аркылуу (катталган: 2024-жылдын ноябрь айында) продукциянын келип чыгышын жана уникалдуулугун коргоо;
Экспорттук потенциалды жогорулатуу жана кирешелерди адилеттүү бөлүштүрүү;
Кыргызстандын экологиялык таза жана органикалык продукция өндүрүүчү катары имиджин чыңдоо;
Жергиликтүү жамааттардын, өзгөчө аялдардын, жаңгак чынжырындагы катышуусун кеңейтүү.
Бул жолугушуу аркылуу “Кыргыз Жангак” брендин өнүктүрүүдө конкреттүү кадамдар белгиленип, улуттук деңгээлдеги координацияланган аракеттердин башталышы катары кызмат кылды.
