Глобалдык жылуулук Кыргызстандын жайыттарынын түрдүк курамын өзгөртүшү мүмкүн
14 ноябрь

Глобалдык жылуулук Кыргызстандын жайыттарынын түрдүк курамын өзгөртүшү мүмкүн

Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу таасирлердин алдында өтө алсыз. Жаан-чачындын, калың жааган кардын жана жер көчкүлөрдүн өзгөрүшүнөн келип чыккан кесепеттердин баары жашоого жана азык-түлүк коопсуздугуна, өзгөчө калктын аялуу катмарына гана эмес, экосистемаларга да терс таасирин тийгизет.

Мал чарба жана жайыттар институтунун жайыттар жана тоют бөлүмүнүн башчысы Наталья Килязованын айтымында, тоолордогу климаттын өзгөрүшүнүн таасири менен адамдардын таасиринин байланышы акыркы он жылдыктарда күчөп, көптөгөн тоолуу аймактардагы адамдар жана экосистемалар үчүн байкаларлык жана олуттуу кесепеттерге алып келди.

«Кыргыз Республикасы климаттык шарты боюнча кооптуу дыйканчылык зонасына кирет. Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу суу ресурстарынын азайышы жана температуранын кескин өзгөрүшү мелиоративдик абалга, пайдаланылган жердин сапатына жана айыл чарбасынын түшүмдүүлүгүнө, ага ылайык өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга түздөн-түз таасирин тийгизет», – деди ал.

Өлкөнүн дыйкандары суунун аздыгынан тышкары кандай климаттык көйгөйлөргө туш болууда, ал да айтты.

«Айыл чарба жерлери географиялык жактан кургак климаттуу зоналарда жайгашкан, ошол эле учурда Кыргызстандын суу ресурстары республика боюнча бирдей эмес бөлүштүрүлгөн. Бул туруктуу иштеген ирригациялык системаны түзүүнү талап кылат, тоолуу ландшафтты жана суу сактагычтарды жана чарбадан тышкаркы ирригациялык системаларды курууга жана кармоого кеткен чыгымдардын кымбаттыгын эске алсак, туруктуу каржылоо көйгөйүн жаратат жана чыгымдарды көбөйтөт.

Климаттык фактор - температуранын жогорулашы жана жаан-чачындын азайышы жайыттардын түрдүк курамын - жаз-жай компонентин өзгөртөт. Жегенге жарабай турган өсүмдүктөр көбөйөт, балким, мал чарбасы үчүн пайдалуу фитомассанын түшүмүн азайтат. Малдын өсүш тенденциясына байланыштуу аларды жогору карай айдап чыгуу зарылчылыгы пайда болот.

Жазында жаан-чачын болбой, аба табынын жогорулашы өсүмдүктөрдүн эрте өнүгүү процессине алып келет, ал эми сууга болгон талап эртерээк - апрель жана май айларында башталат.

Климаттын мал чарба өндүрүшүнө терс таасири, мисалы, кургакчылыктан келип чыккан жайыттардын деградациясы малдын өнүмдүүлүгүнө жана малчылардын жашоосуна таасирин тийгизет. Бирок мында башка климаттык эмес факторлор, мисалы, жерди пайдалануунун өзгөрүшү жана жайыттарды начар башкаруу да олуттуу роль ойнойт».