Жаратылыш ресурстары министрлиги
16 сентябрь
Ысык-Көлдүн түбүнөн 3200 метр синтетикалык тор жана 70 кг таштанды чыгарылды
2026-жылдын 14–15-сентябрь күндөрү Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан браконьерликке каршы күрөшү жана Ысык-Көлдүн жаратылыш ресурстарын коргоо максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө Ысык-Көлдүн акваториясынан балыкты мыйзамсыз кармоодо колдонулган 3 200 метр эски синтетикалык тор чыгарылды.
Мындан тышкары, 70 кг ар кандай таштанды чогултулуп, чыгарылып кетти.
Мындай рейддик иш-чаралар суу биоресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө, браконьерликтин алдын алуу жана Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо максатында туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.
