Жашыл шаар: Бишкек мэриясы Экологиялык кеңештин ачык жыйынына чакырат
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын, эколог-активисттерди, ыктыярчыларды, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана блогерлерди мэр Айбек Джунушалиевдин катышуусунда өтө турган Экологиялык кеңештин ачык жыйынына катышууга чакырат.
Иш-чара Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча актуалдуу маселелерге арналат.
Жыйын 2026-жылдын 8-октябрында саат 16:00дө И. Айдарбеков көчөсүндө (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) ачык форматта өткөрүлөт.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар бульварда жүргүзүлгөн реконструкция иштеринин жыйынтыктары менен таанышып, аймакты кыдырууга катыша алышат. Ошондой эле мэр жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен экологиялык актуалдуу маселелерди жана борбор калаадагы жашыл коомдук мейкиндиктерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Катышуучуларды чогултуу саат 15:30да Чүй проспектиси менен И. Айдарбеков көчөсүнүн кесилишиндеги фонтандын жанында болот.
Иш-чарага катышуу үчүн 2026-жылдын 8-октябрына чейин алдын ала каттоодон өтүү зарыл. Катталуу үчүн төмөнкү телефон номерине кайрылсаңыз болот: +996 550 900 358.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык кызыкдар жарандарды ачык диалогго активдүү катышып, өз сунуш-пикирлери жана демилгелери менен бөлүшүүгө чакырат.
Жарандардын, коомчулуктун жана муниципалдык кызматтардын биргелешкен аракети шаардык чөйрөнү ыңгайлуу, экологиялык жактан жагымдуу жана жашыл кылууга багытталган.
