видеодон алынган кадр
22 июнь
Соң-Көлдө 5 чакырымдан ашык мыйзамсыз тор тазаланды
Соң-Көлдө 20–21-июнь күндөрү жаратылышты коргоо багытындагы кезектеги рейд өткөрүлдү, деп билдирет Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрли
Маалыматка ылайык, рейд учурунда көлдүн акваториясынан мыйзамсыз коюлган синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталып, ошондой эле сууда калып кеткен эски торлор тазаланды. Жалпы эсеп менен 5 300 метрден ашык тор суудан чыгарылды.
Бул иштер Соң-Көлдүн экосистемасын сактоо жана балык ресурстарын коргоо максатын көздөйт.
