Алай районундагы 65 айылдын 45и таза суу менен камсыздалган
Алай районундагы 65 айылдын 45и таза суу менен камсыздалган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 13-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Алай районунун тургундары жана активи менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымына караганда, 20 айылдын таза суу менен камсыздоо системалары калыбына келтирүүнү талап кылат.
"Анын ичинде 12 айылдагы курулуш жумуштарын ишке ашыруу быйыл башталды. Ушул жылы Гүлчө шаарында таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу долбоорлорунун курулуш жумуштары дагы башталат",– деди ал.
Мамлекет башчысы ошондой эле район аймагындагы айдоо жерлерин сугат суусу менен камсыздоону жакшыртуу максатында насостук станциялар жана суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү иштери жүрүп жаткандыгын айтты.
"Маселен, бүгүнкү күндө «Мурдаш» трубопроводунун курулушу жүрүүдө, буюрса быйыл бүтөт. Ал эми “Күнгөй -2” каналын куруу иштери аткарылууда”, – деп белгиледи мамлекет башчысы.
