Кыргызстандын Эл артисти эл аралык сыйлыкка татыды
Маданият министрлиги
17 ноябрь

Кыргызстандын Эл артисти эл аралык сыйлыкка татыды

Кыргызстандын Эл артисти Роза Аманова «Küresel Sanat Ödülü» (Искусство жаатындагы глобалдык сыйлык) эл аралык сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Сыйлык тапшыруу аземи Түркиянын Аланья шаарында өткөн Дүйнөлүк журналисттер кеңешинин (Küresel Gazeteciler Konseyi) VI Дүйнөлүк медиа жолугушуусунун алкагында өттү.

Иш-чарага дүйнөнүн 32 өлкөсүнөн 350гө жакын журналист жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук, маданий жана спорт тармактарынын белгилүү ишмерлери катышты.

Сыйлык тапшыруу аземине Косовонун мурдагы президенти Вьоса Османи, белгилүү түрк футбол машыктыруучусу Фатих Терим, TRT AVAZ телеканалынын жана Corendon Airlines компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле башка ардактуу коноктор катышты.

Сыйлыктын лауреаттарынын катарында Роза Аманова да болуп, ал искусствону өнүктүрүүгө жана улуттук маданий мурасты сактоого кошкон зор салымы үчүн сыйланды.

Бул эл аралык сыйлык кыргыз музыкалык искусствосунун дүйнөлүк деңгээлде таанылып жатканын, ошондой эле Роза Аманованын кыргыз элинин бай музыкалык мурасын сактоого, жайылтууга жана кийинки муундарга өткөрүп берүүгө кошкон салымы жогору бааланганын айгинелейт.

Аталган сыйлык артисттин жеке чыгармачылыгына берилген жогорку баа гана эмес, жалпы Кыргыз Республикасынын маданияты үчүн да маанилүү окуя болуп саналат. Ал улуттук искусствону дүйнөлүк аренада таанытууга жана эл аралык маданий байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт.

******