Байсалов Айтматов атындагы орус драма театрынын оңдоо иштеринен кабар алды
11 декабрь

Байсалов Айтматов атындагы орус драма театрынын оңдоо иштеринен кабар алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн, 11-декабрда Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. 

Байсалов театрда аткарылган жана пландалган оңдоо иштери менен жерине таанышты.

Театрды жаңылоонун алкагында төмөнкү иштер аткарылды:

• кичи сахнаны модернизациялоо;

• гримдөө бөлмөлөрүн капиталдык оңдоо;

• эң жаш көрүүчүлөр үчүн жаңы Бэби-театр аянтчасын түзүү;

• театр имаратынын фасадын оңдоо жана анын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу.

Ошондой эле чоң залды жаңылоо, отургучтарды алмаштыруу, фойе жана чатырды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Байсалов көрүүчүлөр жана театр кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул өзгөрүүлөр Кыргызстандын маданий мурасын сактоого жана искусствону өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо пландалууда, бул жаңыланган театрды жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулугу жана искусствосу менен кайрадан конокторун кубантууга шарт түзөт.


Маалымат үчүн:

Театрдын уюшулушу

1935-жылы Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын өкмөтү өз алдынча орус драмалык театрын түзүү жөнүндө токтом кабыл алган.

Өзгөчөлүгү

Мамлекеттик академиялык орус драма театры бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасындагы жалгыз орус театры болуп саналат.

Улуттук статус берилиши Кыргызстандын театр өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана элдердин ортосундагы достукту чыңдоодогу өзгөчө эмгеги үчүн театрга улуттук макам берилген. Ушул учурдан тарта ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук орус драма театры деп атала баштаган.

Чыңгыз Айтматовдун ысымы

2008-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен театрга Кыргыз Республикасынын Баатыры, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргызстандын эл жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун ысымы ыйгарылган.