Маданият министри кызматкерлерге планшеттерди тапшырды
30 июль

Маданият министри кызматкерлерге планшеттерди тапшырды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев санариптик өзгөрүү алкагында жана кызматкерлердин мобилдүүлүгүн жогорулатуу максатында министрликтин кызматкерлерине 20 планшет тапшырды.

Бул техникалар көчмө, координациялык жана аналитикалык иштерге тартылган бөлүм башчыларга берилди. Планшеттер кызматкерлерге талаа шартында маалымат алмашууга, отчетторду даярдоого жана иш-чараларды координациялоого мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле алар кызматтык милдеттерди аткарууда заманбап санариптик куралдарды пайдаланууга шарт түзөт.

Мирбек Мамбеталиев “Бул жөн эле техника эмес, мамлекеттик башкарууну ийкемдүү, ачык жана ыкчам кылуучу шайман. Биз санариптештирүү жана процесстерди модернизациялоо багытын улантабыз”деп тапшыруу учурунда билдирди.

Министрлик өз ишмердүүлүгүндө заманбап технологияларды киргизүүнү этап-этабы менен улантат. Анын ичинде кызматкерлерди керектүү байланыш жана иш куралдары менен камсыздоо да каралган.