Бишкекте эмгек сиңирген сүрөтчү Абдыжапар Өмүрчиевдин жеке көргөзмөсү ачылат
Маданият министрлиги
4 август

Бишкекте эмгек сиңирген сүрөтчү Абдыжапар Өмүрчиевдин жеке көргөзмөсү ачылат

2026-жылдын 7-августунда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген сүрөтчүсү Абдыжапар Өмүрчиевдин чыгармачылык мурасына арналган «Искусстводо калган түбөлүк элес» аттуу жеке көргөзмөнүн ачылышы болот.

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, көргөзмө сүрөтчүнүн өмүрүнө, чыгармачылык жолуна жана кыргыз көркөм өнөрүнө калтырган баа жеткис мурасына арналган.

Абдыжапар Өмүрчиев өмүрүнүн дээрлик бардык бөлүгүн сүрөт искусствосуна арнап, чыгармачылыкты өз жашоосунун ажырагыс бөлүгү катары көргөн. Ал күн сайын өз устаканасында үзүрлүү эмгектенип, ар бир чыгармасына жүрөгүнүн жылуулугун, ички дүйнөсүн жана кыргыз элине болгон терең сүйүүсүн чагылдырган.

Сүрөтчүнүн чыгармаларынын негизги өзөгүн кыргыз элинин этномаданий дүйнөсү түзөт. Ал эмгектеринде көчмөн цивилизациясынын бай мурасын, кыргыздын ажайып жаратылышын, эркиндиктин символу болгон бүркүттү, боз үйдү, улуттук кийимдерди, комузду, салттуу турмушту, байыркы таш эстеликтерди, петроглифтерди жана улуттук оймо-чиймелерди көркөм образдар аркылуу терең мазмунда чагылдырган.

Көргөзмөнүн өзгөчө мааниси — автор бүгүн арабызда жок болсо да, анын өмүр бою эңсеп келген жеке көргөзмөсүнүн дал ушул күндөрү ишке ашып жаткандыгында. Бул көргөзмө сүрөтчүнүн жаркын элесине болгон терең урматтын белгиси болуп, анын келечек муундарга калтырган көркөм мурасын кеңири таанытууну максат кылат.

Көргөзмө 2026-жылдын 7-августунан 23-августуна чейин көрүүчүлөр үчүн ачык болот.