Кыргызстанда китепканаларды санариптештирүү иштери жүрүүдө
Кыргызстанда китепканаларды санариптештирүү иштери жүрүүдө, деп билдирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, маданият министринин орун басары Гулбара Абдыкадырова бүгүн Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага алынган заманбап сканерлер менен таанышты.
Абдыкадырова бүгүнкү күндө санариптештирүү дүйнө жүзүндө бардык тармактарда кеңири кулач жайып, заманбап технологиялар аркылуу маалыматты сактоо жана жеткирүү иштери жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатканын белгилеп, Кыргызстандын республикалык жана облустук китепканаларында санариптик технологияларды ишке киргизүү иштери активдүү жүрүп жатканына токтолду.
Атайын китепканалар үчүн алынган Optima A1 ScanLab жана ScanLab сканерлери китептерди, архивдик материалдарды жана башка басылмаларды санариптештирүү иштеринде маанилүү роль ойнойт. Бул техника менен сканерлерлөөдөн тышкары, санарип фотокамералардан же сканерлерден алынган сүрөттөрдү кайрадан иштеп чыкса да болот.
Санариптештирүү окурмандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана заманбап маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталат.
Жаңы технологияларды колдонуу менен китептерди жана башка материалдарды онлайн жеткиликтүү кылуу Министрликтин приоритеттүү багыттардын бири болуп саналат.
