2024-жылы кино тармагын өнүктүрүүгө 345 миллион сом бөлүнгөн
15 ноябрь

2024-жылы кино тармагын өнүктүрүүгө 345 миллион сом бөлүнгөн

2024-жылы кино тармагын өнүктүрүүгө 345 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 14-ноябрындагы жалпы жыйынында билдирди. 

Анын айтымына караганда, бул каражаттар «Кыргызфильм» жана «Кыргызсериал» киностудияларынын кино тартууга жана материалдык-техникалык базасын жаңылоого жумшалат. 2025-жылы кыргыз тасмаларын жана сериалдарын тартууга бюджетти мындан ары көбөйтүү пландалууда.

Министрлер кабинетинин башчысы акыркы жылдары Кыргызстанда маданият жана спорт тармагын каржылоо кыйла өсүп, 2024-жылы 8 млрд сомго жеткенин кошумчалады.