Бишкекте "Кыргызстандын белгилүү казактары” аттуу көргөзмө ачылды
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде 15-октбрда “Кыргызстандын белгилүү казактары” аттуу көргөзмөнүн ачылыш аземи өттү.
Иш-чара улуу окумуштуу, этнограф жана саякатчы Чокан Чингизович Валихановдун 190 жылдык мааракесине арналган.
Иш-чарага Кыргызстандын илимий жана маданий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлери катышты.
Алардын ичинде Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаев, АУЦАнын профессору, тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери Чолпон Турдалиева, КР Улуттук илимдер академиясынын академиги Аблабек Асанканов, Президенттик администрация алдындагы «Мурас» фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов, КР экономика министринин орун басары Гүлшат Асылбаева, ошондой эле ЮНИСЕФ жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү бар.
Көргөзмөдө Чокан Валихановдун XIX кылымдын ортосунда кыргыз көчмөндөрүнүн арасында жүргөн кезде тарткан түп нускалары жана репродукциялары коюлган, алар: көчмөн турмушунун көрүнүштөрү, кыргыздын белгилүү инсандарынын портреттери, тоолордун пейзаждары жана Ысык-Көлдүн сүрөттөрү ж.б.
Көргөзмө казак жана кыргыз элдеринин кылымдар бою жуурулуша жашап, Улуу талаа мейкиндигин бирге бөлүшүп келген терең тарыхый жана маданий байланышын баса белгилейт.
Портреттер, архивдик сүрөттөр жана көркөм чыгармалар аркылуу көргөзмө көрүүчүлөрдү казак менен кыргыз элдеринин тагдырларынын канчалык тыгыз байланышын — өткөндөн бүгүнкүгө, салттан заманбаптыкка чейинки жолду — терең ой жүгүртүүгө чакырат.
Көргөзмө 29-октябрга чейин уланат.
