2025-жылы маданиятты өнүктүрүүгө кошумча дагы 3 млрд сом бөлүнөт — министр Максутов
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов бүгүн, 2-ноябрда, маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.
Министрдин куттуктоосу:
“Урматтуу маданият ишмерлери, кесиптештер Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Тарыхыбызга көз чаптырсак, 60-70-жылдары маданиятыбыздагы адабият, көркөм сүрөт, музыка, кино жана театр искусствосу үчүн гүлдөгөн жылдар болгон. Ошол кездеги ири маданий имараттар, театр, китепкана, музей, кинотеатр жана ушул цирктин курулушу ошол жылдарга туш келет. Ал мезгилди маданияттын ренессансы деп айтсак болот.
Бүгүн президентибиздин жеке көзөмөлү менен маданият тармагы эбегейсиз зор колдоого ээ болууда. 2022-жылы кызматкерлердин айлык маянасы 100% көтөрүлүп, алгачкы жолу Борбор Азияда жок кымбат баалуу музыкалык аспаптар, акыркы үлгүдөгү LED экрандар, үн күчөтүүчү жабдыктар үчүн 1 миллиард сомдон ашык акча каражат сарпталды.
Ошондой эле артисттерибизге жаңы формалар тигилип, союз убагынан бери алмашпаган музыкалык аспаптар жарым миллиард сомго алынып, мамлекеттик масштабдагы иш-чараларыбыздын көркү ачылууда.
Экономикабыздын алдыга жылып жатканы бул анык факт. Акыркы убактарда тарыхий мурастарыбызды сактоого, изилдөөгө жана реставрациялоо иштерине 600 млн сом бөлүндү. Чыгармачылык союздарга каражаттар бөлүнүп, чоң эргүү менен мыкты чыгармалардын жаралуусуна жолдор ачылды. Каржылоонун күчү менен көптөгөн адабий китептер басылып чыгып, жаңы спектаклдер коюлуп, театрлар өлкө ичинде гана эмес, чет өлкөлөргө дагы гастролдорго чыгып баштады. Ал эми жаш таланттарыбыз чет жердеги ар кандай сынактардан гран-прилерди байма-бай утуп келүү менен кино, сериал тармагынын бюджети 10 эсе көбөйүп, 30 миллиондон 345 миллион сомго жетти.
Баарыңыздарга белгилүү болгондой мен 2-жолу маданият министри болуп иштеп жатам. 2016-жылы ызы-чуу болуп жатып, маданияттын өнүгүүсүнө кошумча 30 млн сом бөлүнгөн. Ошол күндөрү төбөбүз көккө жетип, абдан кубандык эле, бүгүн биз ал күндөрдү жылмайуу менен эстеп олтурабыз...
Ал эми 2025-жылы маданиятты өнүктүрүүгө мамлекеттик бюджеттен кошумча дагы 3 млрд сом бөлүнгөнү турат.
Өзүңүздөр күбө болуп тургандай биздин кош майрамыбыз болуп, Абубакир Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик цирки кайра оңдоп-түзөөдөн өтүп, бүгүн жаңы дем берилип жатат. Кечээ эле катуу шамал болсо кулап калчудай болгон циркибиз азыр жаркырап, баардык стандартка жооп берген мыкты заманбап имаратка айланып, баарыбызды кубандырып турат. Бул Президентибиз Садыр Нургожоевич түптөгөн Өкмөттүн жана ишенип койгон жетекчилеринин күнү-түнү жасаган эмгегинин жыйынтыгы деп тайманбай айта алам.
Бүгүнкү күндө болуп жаткан жумуштардын баарын карап, бардык тармактарда, ошону менен бирге маданият тармагыбызда кайра жаралуу мезгили келгендей сезилип жатат. Жөн мактагандык эмес, бүгүн бизге ушул шарттарды түзүп, кандай гана өтүнүчүбүз болбосун колдоп гана келе жаткан өлкө башчыбызга өзүмдүн жана жалпы маданият кызматкерлеринин атынан терең ыраазычылык билдирип кетүүгө уруксат этиңиздер.
Дагы бир жолу маданият инсандарынын күнү менен чын дилимден куттуктаймын!”