Бишкекте II Эл аралык UmutDoc документалдык кино фестивалы жыйынтыкталды 
Маданият министрлиги
16 сентябрь

Бишкекте II Эл аралык UmutDoc документалдык кино фестивалы жыйынтыкталды 

Бишкек шаарында 10-14-сентябрь күндөрү II Эл аралык UmutDoc документалдык кино фестивалы болуп өттү.

Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков катышты.

Фестиваль кинорежиссёрлорду, кино тармагынын адистерин, эл аралык эксперттерди жана көрүүчүлөрдү бир аянтчага чогултту.

Быйылкы фестиваль белгилүү кинодокументалист Альгимантас Видугиристин 90 жылдыгына арналды. Анын чыгармачылыгына арналган атайын ретроспектива уюштурулуп, фестиваль «Ала-Тоо» кинотеатрында «Нарынский дневник» тасмасынын көрсөтүлүшү менен ачылды.

Сынактык программага Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан 8 толук метраждуу жана 16 кыска метраждуу документалдык тасма кирди. Тасмаларды көрсөтүү менен катар авторлор менен жолугушуулар жана талкуулар өткөрүлдү.

Фестивалдын UmutDoc Industry кесиптик платформасынын алкагында Project Pitching, Project Showcase, мастер-класстар жана кесиптик талкуулар уюштурулду. Катышуучулар DocsBarcelona, Cannes Docs, Berlin Film Residencies, TRT World жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп, документалдык тасмаларды эл аралык аудиторияга чыгаруу жана дистрибуция маселелери боюнча тажрыйба алышты.

Быйыл фестивалда биринчи жолу студенттик калыстар тобу иштеп, сынактык тасмаларды баалоого катышты.

II UmutDoc фестивалынын лауреаттары:

Көрүүчүлөрдүн тандоосу (Audience Award):

* «Branch» — Shakhzoda Mirakova;

* «The Dogs» — Aliman Toktogulova, Karash Janyshov.

Кыска метраждуу тасмалар сынагында:

* Калыстар тобунун атайын белгилөөсү — «Long Distance», Alina Baitokova, Кыргызстан;

* Калыстар тобунун атайын сыйлыгы — «Beautiful», Fariza Tanai, Казакстан;

* Мыкты режиссёр — Faig Dadachov, «Black Cat, White Shani», Азербайжан;

* Мыкты кыска метраждуу документалдык фильм — «Yaghnob», Pairav Sharifov, Тажикстан.

Толук метраждуу тасмалар сынагында:

* Студенттик калыстар тобунун сыйлыгы — «Electing Ms Santa», Raisa Razmerita, Молдова;

* Калыстар тобунун атайын сыйлыгы — «Heroine of the Film Electing Santa», Raisa Razmerita, Молдова;

* Мыкты режиссёр — Zhanana Kurmasheva, «We Live Here», Казакстан;

* Мыкты толук метраждуу документалдык фильм — «River Dreams», Kristina Mikhailova, Казакстан.

Фестивалдын питчинг программасынын жыйынтыгында бир катар документалдык кино долбоорлору каржылык жана өндүрүштүк колдоого ээ болду. Алардын арасында кыргызстандык авторлордун «White Heart», «Stitch by stitch», «After 41 Years», «The Voice of Glaciers» жана «Apricot Season» долбоорлору бар.

Мындан тышкары, New York Film Academy Kazakhstan тарабынан питчингдин катышуучуларына жалпы суммасы 15 миң АКШ долларын түзгөн сертификаттар тапшырылды.