Бир чатыр астында: байыркынын улуулугу жана азыркынын энергиясы – Чоң Египет музейинен фоторепортаж
Гизанын чок ортосунда, пирамидалардын этегинде, байыркынын улуулугу азыркынын энергиясы менен жолугат – дал ушул жерде, Чоң Египет музейинде, тарых жанданып, өткөн менен келечек бир мейкиндикте биригет.
Кабарчыбыз 20 жылдан ашуун убакыт курулган бул уникалдуу маданий комплексте болду. Музейдин жалпы аянты 500 миң чарчы метрди түзөт – бул дээрлик 70 футбол талаасына туура келет. А долбоордун наркы 1,2 миллиард АКШ долларынан ашкан. Коллекцияга 100 миңден ашуун экспонат топтолгон, арасында музейдин негизги кенчи: алтын, зер буюмдар, арабалар жана жаш фараондун оюнчуктарынан турган Тутанхамондун толук коллекциясы бар.
“Бул жөн гана музей эмес, бул легенда менен илимдин жана өткөн менен келечектин ортосундагы көпүрө”, – дейт журналист.
Кире бериште конокторду Рамзес IIнин 11 метрлик статуясы, ошондой эле 3500 жылдык, бийиктиги 16 метрден ашкан, заманбап айнек конструкцияга бекитилген обелиск тосуп алат. Ар бир зал мейкиндиги жана жарыгы менен таң калтырат, кудум эле дубалдар байыркы базарлардын ызы-чуусун, пирамида куруучулардын үндөрүн жана папирустардын шыбырын эсине сактап калгандай.
Музейдин залдарында Байыркы Египеттин жети миң жылдык тарыхына саякат жасай аласың. Заманбап технологиялар экспонаттарды миңдеген жылдар мурун кандай болсо, ошондой көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Тутанхамон залы 7500 чарчы метр аянтты ээлейт жана 1922-жылы жаш фараондун бейити ачылгандан кийин, жаш фараонго тиешелүү болгон 5992 буюмдун баары топтолгон. Негизги көргөзмө залдары 18 миң чарчы метрди, ал эми убактылуу экспозициялар 5000 чарчы метрди камтыйт, бул музейди чыныгы тарых шаарына айландырат.
Азыр Египеттин байыркы артефакттары бир жерге чогултулган, келгендер аларга суктануу менен карап гана тим болбостон, миң жылдыктардын атмосферасына сүңгүп кирип, түбөлүктүүлүктүн терезесин сүрөткө тартышат.
Бул фоторепортаж Караван-Инфонун журналистинин жаңыланган музейге болгон эксклюзивдүү көз карашы – андагы ар бир кадр тарыхты баяндайт, ал эми ар бир экспонат цивилизациянын эс тутумун сактайт.
