"Манас" эпосу биринчи жолу хинди тилине которулду
Бишкекте "Манас жана Махабхарата" эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борборунун расмий ачылышы жана кыргыз элинин мурасы болгон "Манас" эпосунун хинди тилиндеги алгачкы котормосунун бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу "Манас" улуттук академиясынан кабарлашты.
Жаңы түзүлгөн борбор Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого, эпостук мурастарды жана цивилизациялык процесстерди комплекстүү изилдөөгө багытталган.
Борбордун негизги ишмердүүлүгү салыштырма цивилизациялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, "Манас" жана "Махабхарата" эпосторун иликтөө, Евразиянын маданий мурастарын изилдөө, гуманитардык дипломатияны өнүктүрүү, эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүү жана жаш изилдөөчүлөрдү даярдоону камтыйт.
Котормо белгилүү индиялык окумуштуулар – доктор, профессор Хем Чандра Панде жана доктор, профессор Рамакант Двиведи тарабынан КР эл жазуучусу Мар Байжиевдин орус тилиндеги поэтикалык баянынын негизинде даярдалган. Басылма кыргыз эпикалык мурасынын толук үчилтигин – "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" эпосторун камтыйт.
Бул эмгек кыргыз маданий мурасын Индияда кеңири жайылтууга, эки өлкөнүн академиялык байланыштарын чыңдоого жана эпостук мурастарды изилдөө жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.
