Ыр-күү, жарманке. Баткен районунда «Өрүк гүлү» фестивалы өттү
23 апрель

Ыр-күү, жарманке. Баткен районунда «Өрүк гүлү» фестивалы өттү

Баткен районунда «Өрүк гүлү» фестивалы өткөрүлдү, деп билдирет райондук администрациянын басма сөз кызматы.

Майрамдык иш-чарага КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен районунун акими Данир Иманалиев, орун басары Жумагүл Сатыбалдыева жана айыл өкмөттөрүнүн, мекеме ишканалардын жетекчилери ошондой эле Өзбекстандын Риштан, Сох райондорунун акимдери, эки өлкөнүн ишкерлери, шаар тургундары катышты.

Фестивалдын алкагында айыл өкмөттөрү тарабынан ата-бабалардан бери келе жаткан баалуу кол өнөрчүлүгү, унутта калган каада-салттары, улуттук тамак-аштары, өрүктөн жасалган азыктардын жарманкеси көрсөтүлдү.

Фестивалга мыкты катышкан алдыңкылар Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары, ыраазычылык каттары жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.

Иш-чаранын максаты – жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, коомдук баалуулуктарды өздөштүрүү, элдик таланттарды табуу жана район элине майрамдык маанай тартуулоо.

Фестиваль концерттик программа менен коштолду.