Алмаз Кулматов “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору болуп дайындалды
3 декабрь

Алмаз Кулматов “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору болуп дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасынын тескемесине ылайык, Алмаз Кулматов өлкөнүн эң байыркы жана маанилүү басылмалардын бири болгон “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, министрлигинен билдиришти. 

Жаңы жетекчини жамаатка маданият министринин орун басары Марат Тагаев расмий тааныштырып, анын кесипкөйлүгү менен тажрыйбасын белгиледи.

Ошондой эле, Алмаз Кулматовду башкы редактордун жеке иш бөлмөсүнө киргизип, гезитти өнүктүрүүдө анын салымы чоң болоруна ишенимин билдирди. Тагаев басылма салттуу баалуулуктарды сактоо менен бирге заманбап ыкмаларды колдонуп, кеңири аудиторияны тартат деп ишеним артты.

“Кыргыз Туусу” гезити Кыргызстандагы маданий жана коомдук баалуулуктарды жайылтууда маанилүү роль ойнойт жана калыс, ишенимдүү маалымат булагы болуп келет.

Жаңы редактор тууралуу:

Алмаз Кулматов 1967-жылы төрөлгөн, Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Ал мамлекеттик түзүмдөрдө жана билим берүү тармагында чоң тажрыйбага ээ. Аткарган негизги кызмат орундары:

• Президенттик Аппараттын этностук жана диний саясат бөлүмүнүн башчысы (2016–2017);

• Вице-премьер-министрдин кеңешчиси (2015–2016);

• Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төраганын орун басары (2014–2015);

• Нарын шаарынын мэри (2008–2010).

Алмаз Кулматов 200дөн ашуун макалалардын жана илимий эмгектердин автору. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган (2019). Үй-бүлөлүү, үч кыздын атасы.