Бишкек шаарында “ART-ORDO-2025” эл аралык театр фестивалы кызуу уланууда
Бишкек шаарында “ART-ORDO-2025” эл аралык театр фестивалы кызуу уланууда. Анын алкагында Өзбекстан Республикасынын Маргалаң шаардык музыкалык маком театры “Запкы тарткан кош жүрөк” спектаклин көрүүчүлөргө тартуулады.
Драматург Т.Рузибоевдин “Жараланган кош жүрөк” тарыхый трагедиясы – белгилүү чыгыш философу Фаридуддин Аттардын “Кудайды таануу” китебиндеги “Рабия менен Бекташтын баяны” мотивдерине негизделген.
Спектакль X кылымда туулуп, чыгыш Персияда жашап калган араб эмигранттарынын кызы Рабия Балхинин өмүр жолу, аялдык трагедиясы, кылымдар боюу унутулбаган сүйүү баянын чагылдырат.
Белгилей кетсек, Х “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы 20-октябрь башталган. Жабылыш аземи 24-октябрда өтөт. Анда мыкты спектаклдер аныкталып, сыйлыктар тапшырылат.
