Бишкекте окуучулар арасында "Айкөл Манас баяны" конкурсу өткөрүлдү
2 декабрь

Бишкекте окуучулар арасында "Айкөл Манас баяны" конкурсу өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти борбордогу № 13 мектебинде "Айкөл Манас баяны" конкурсун өткөрдү.

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага борбор калаанын № 32, 59, 78, 66 жана 80 мектептеринин окуучулары катышты.

Сынактын шаардык этабынын жыйынтыгы боюнча биринчи орунду №80 мектептин окуучулары, экинчи орунду №78 мектептин окуучулары, үчүнчү орунду №59 мектептин жана №66 мектептин окуучулары ээлешти.

Аталган сынак президенттин  "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө"  №126  Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулган.  

Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар таланттуу балдарды шыктандырып, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн идеологиясын бекемдейт.