Сабижан Бабажановдун «Жумшак калемдин изи» аттуу жеке сүрөт жана графика көргөзмөсү ачылат
10-декабрда «Галерея М» сүрөттөр галереясында Кыргыз Республикасынын маданиятына Эмгек сиңирген ишмер Сабижан Бабажановдун «Жумшак калемдин изи» аттуу жеке сүрөт жана графика көргөзмөсү ачылат.
“Философиялык аң-сезимдүү сүрөтчү Бабажанов ар бир чыгармасына чеберчиликти гана эмес, нерселердин маңызына да ой жүгүртөт. Анын чыгармалары ар дайым көп баскычтуу: сыртынан караганда көрүүчүнү аткаруунун техникасы жана көркүнө кызыктырат, бирок кылдат изилдөөдө алар убакыт, дүйнө жана адамдын өзү жөнүндө терең ойлорду ачып берет”, – деп жазат журналист, редактор жана публицист Гүлшат Юлдашева Сабижан Камалович жөнүндө.
“Сүрөт – бул из. Менин чиймелерим жумшак карандашымдын калтырган издери”, – деп агайдын сөзүн келтирет.
Маалымат
Бабажанов Сабижан Камалович – сүрөтчү, живописчи, график. 1941-жылы 23-февралда Кытайдын Күлжа шаарында туулган. 1963-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайын, 1975-жылы Москвадагы дизайнердик курстарды бүтүргөн. 1964-жылдан Кыргыз ССРинин көркөм фондунун сүрөтчү-дизайнери болуп иштеген. 1986-жылдан СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, азыр Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.
1998-жылдан бери Эл аралык АКШдагы Калифорния илимдер, өнөр жай, билим берүү жана искусство академиясынын академиги. Республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Ар кандай техникада жана жанрларда иштейт. Чыгармалар Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде, ошондой эле КМШ жана чет мамлекеттердин музейлеринде жана жеке коллекцияларында сакталып турат.
