Бишкекте эл аралык UMUT DOC документалдык кинофестивалы өтүүдө
10-сентябрда Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» кинотеатрында II эл аралык UMUT DOC документалдык кинофестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Быйыл фестиваль белгилүү кинодокументалист Альгимантас Видугиристин элесине арналды.
Ачылыш аземинин алкагында Альгимантас Видугиристин 1971-жылы тартылган «Нарынский дневник» («Нарын күндөлүгү») жана режиссёр Талип Ибрагимовдун 2025-жылы тартылган «Альгимантас Видукыргыз — исповедь жены кинорежиссера» аттуу документалдык тасмалары көрсөтүлдү.
Фестиваль 10–14-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтүп, анын программасына толук жана кыска метраждуу документалдык тасмалардын сынактык көрсөтүүлөрү, ретроспективалар, авторлор менен жолугушуулар, мастер-класстар, кесиптик талкуулар жана кино долбоорлордун презентациялары киргизилди. Сынактык программага Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Беларусь, Азербайжан, Грузия жана Латвиядан тартылган тасмалар катышууда.
Фестивалдын негизги аянтчалары — «Ала-Тоо» кинотеатры жана Ololo Erkindik. Иш-чаранын бардык көрсөтүүлөрүнө жана программаларына кирүү акысыз.
Фестивалдын негизги максаттарынын бири — Борбор Азиядагы документалдык кинону эл аралык деңгээлде таанытуу, чыгармачыл байланыштарды кеңейтүү жана аймактагы кинорежиссёрлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
Иш-чара Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен уюштурулууда.
