Казакстанга «Евровидение» сынагына толук кандуу катышууга уруксат берилген жок
Европалык телерадиоберүүчүлөр союзу (EBU) «Хабар» медиахолдингине «Евровидение» ыр сынагына толук кандуу катышуу мүмкүнчүлүгүн берген жок. Бул тууралуу Politico басылмасы союздун билдирүүсүнө таянып жазды.
EBU «Хабар» агенттиги уюмдун ассоциацияланган мүчөсү экенин жана союз менен көп жылдан бери кызматташып келерин белгиледи. Бирок учурда агенттик толук кандуу мүчөлүккө коюлган талаптарга жооп бербей турганын билдирди.
Чечим Казакстандын Европанын телерадиоберүү мейкиндигине кирбегени, ошондой эле Европа Кеңешинин мүчөсү эместиги жана уюмда расмий байкоочу макамы жоктугу менен түшүндүрүлдү.
Ошол эле учурда Казакстан буга чейин өспүрүмдөр арасындагы «Евровидение» сынагына катышкан. Politico басылмасынын маалыматына караганда, «Хабар» өлкөнүн атынан сынакка беш жолу катышып, казакстандык аткаруучулар эки жолу экинчи орунду ээлеген.
Буга чейин Европалык телерадиоберүүчүлөр союзу «Евровидение» сынагын өткөрүүнүн эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизип, айрым учурларда жеңүүчү өлкө кийинки сынакты өткөрүү укугунан ажырашы мүмкүн экенин билдирген.
