Маданият министр ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев менен жолукту
27 март

Маданият министр ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев менен жолукту

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев бүгүн, 27-мартта Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар төмөнкү негизги кызматташтык маселелерин талкуулашты:

• Маданият жана искусство тармагында тажрыйба алмашууну уюштуруу;

• Кыргыз улуттук китеп палатасынын архивдик материалдарын санариптештирүү;

• Кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын которуу, басып чыгаруу жана түрк тилдүү өлкөлөргө жайылтуу;

• Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылындагы Алыкул Осмоновдун мемориалдык комплексин реставрациялоо жана инфратүзүмүн өнүктүрүү.

Жолугушуудан кийин, Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата, сыйлоо аземи болуп өттү. Театр искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ТҮРКСОЙдун жогорку сыйлыгы төмөнкү инсандарга ыйгарылды:

1. Мираида Далбаева

2. Асангүл Абдыгулова

3. Гүлайым Каниметова

4. Калык Ибраимов

5. Аскар Салымбеков

6. Авас Сырымбетов

7. Жамилия Сыдыкбаева

8. Жамалбек Ырсалиев

9. Султан Каримов

10. Айгүл Умралиева

11. Гүлнара Сатарова.