Венгрия Улуттук тарых музейинде китептерди тапшырды
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында Венгрия тарап белекке берген китептерди тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары А. Ш. Мадаминов, Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Андрей Букай, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директорунун орун басары Абдилашим уулу А., ошондой эле китептердин Кыргызстанга жеткирилишине жана музейге өткөрүлүп берилишине көмөк көрсөткөн Асель Калканова катышты.
Белекке берилген басылмалар Улуттук тарых музейинин китепкана фондун толуктап, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө, маданий алакаларды кеңейтүүгө жана кыргыз-венгер кызматташтыгын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий жана гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мындай демилгелер маданият, илим жана билим берүү тармактарындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошорун белгилешти.
