Бишкекте Улуттук кинематография кеңешинин биринчи жыйыны өттү
13 декабрь

Бишкекте Улуттук кинематография кеңешинин биринчи жыйыны өттү

Бишкекте 12-декабрда Улуттук тарых музейинин жыйындар залында КРнын Улуттук кинематография кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, иш-чаранын башкы темасы – улуттук киноиндустриянын өнүгүү келечегин талкуулоо болду.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият ишмерлери, кинематографисттер жана кино тармагындагы эксперттер катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өз сөзүндө кинону жайылтуунун жана Кыргызстандын эл аралык аренадагы оң имиджин түзүүнүн стратегиялык куралы катары маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйындын расмий бөлүгү башталаар алдында Эдиль Байсалов 2024-жылы алынган жаңы кино тартуу үчүн жабдуулар жана быйылкы жылы тартылган тасма, сериалдар менен таанышты.

Күн тартибиндеги негизги маселелер:

- 2024-жылы аткарылган иштер боюнча видео-доклад;

- “Кыргызстан — баатырлар өлкөсү” концепциясынын презентациясы;

- Кыргыз киноиндустриясын өнүктүрүү стратегиясы (2025–2030-жылдар);

- Кино тартуу үчүн павильонун куруу боюнча презентация;

- Ар кандай маселелер: анын ичинде “Эр-Төштүк” жана “Сынган кылыч” тасмаларынын долбоорлору.

Эдил Байсалов кино тармагын өнүктүрүү үчүн комплекстүү мамиле керек экенин баса белгилеп, бул үчүн техникалык кайра жабдууларды, инвестиция тартууну жана квалификациялуу кадрларды даярдоону камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. Алсак, кыргыз киносун эл аралык фестивалдарда жайылтууга жана эл аралык кызматташтыкты күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылды.

Иш-чараны жыйынтыгында 2025-жылга карата негизги иштер жана “Кыргызстан — баатырлар өлкөсү” концепциясын ишке ашыруу боюнча тапшырмалар аныкталды.

Улуттук кинематография кеңеши иш-чаранын бардык катышуучуларына конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, кино тармагын өнүктүрүү боюнча амбициялуу максаттарды ишке ашыруу үчүн биргеликте иштөөнү улантууну сунуштады.