Самбочулар ардагерлер арасында дүйнө чемпионатында эки алтын медаль жеңди
Кыргызстандык спортчулар Өзбекстандын Бухара шаарында өтүп жаткан самбо боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында 2 алтын жана 1 коло медаль жеңди.
79 кг салмакта М1 категориясында катышкан Ислам Баялинов финалда россиялык Александр Шабуровду жеңип, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду. Бул категорияда казакстандык Мирас Булатов жана тажикстандык Алишер Гарибшоев коло байгенин ээси болду.
Ошондой эле M4 категориясында 64 кг салмак ченинде Нурлан Аламанов финалда россиялык Сергей Волков менен кез келип, жеңишке ээ болду. Аталган салмакта казакстандык Амантай Валиев жана россиялык Александр Ефимов 3-орунду ээледи. Ал эми M5 категориясында 64 кг ченде Максатбек Мурзабеков коло медаль тагынды.
