Бишкекте Евразия лигасынын ат спорту боюнча Дүйнө кубогунун III этабы старт алды
16 май

Бишкекте Евразия лигасынын ат спорту боюнча Дүйнө кубогунун III этабы старт алды

Бишкекте “Күлүк” адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебинде Евразия лигасынын ат спорту боюнча Дүйнө кубогунун 3-этабы башталды.

Салтанаттуу ачылыш аземи бүгүн, 16-майда өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев катышты.

Мелдештер 17-майга чейин уланат. Кыргызстандык спортсмендерден сырткары Өзбекстан, Казакстан жана Россия өлкөлөрүнөн жалпы 60 спортсмен күч сынашууда.

Катышуучулар ээлеген ордуна жараша рейтингдик упайларды чогултуп, финалисттер Дүйнө чемпионатына жана Дүйнө кубогунун финалдык баскычына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Эскерте кетсек, мелдештердин биринчи жана экинчи этапдары буга чейин Ташкент шаарында өткөн. Ал эми төртүнчү этап 27-31-май күндөрү Астана шаарында өтөт.