Ош шаарында спорттук туризм боюнча дүйнө кубогу старт алды
12 ноябрь

Ош шаарында спорттук туризм боюнча дүйнө кубогу старт алды

Ош шаарында алгачкы жолу спорттук туризм багытындагы дүйнө кубогунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурлан Закиров, Кыргыз Республикасынын спорт федерациясынын жана Эл аралык федерациянын өкүлдөрү, ошондой эле жаш спорт сүйүүчүлөр катышышты.

Катышуучулар Керме-Тоо кырка тоосунун боорунда тоого чыгуу жана түшүү, тоо шартында жабыркагандарды куткаруу ыкмалары жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү.

Маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, катышуучулар тарабынан кызыктуу мастер-класстар уюштурулду.

Бул ири спорттук иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия жана Кыргызстандын курама командалары катышууда.

Кубоктук мелдештер 16-ноябрга чейин Керме-Тоо кыркасында уланат.