Камчыбек Ташиев Барселонага барды
27 январь

Камчыбек Ташиев Барселонага барды

Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Испаниянын Барселона шаарына келип, Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын «Барселона» футбол клубунун жаштар курамына каршы беттешке болгон даярдыгын текшерди.

Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашкандай, 27 январда өтчү испандык клубдун жаш курамына болгон оюнга КФБ жетекчиси дагы күбө болот.

"КФБ жетекчилигинин колдоосу оюнчулар үчүн мотивациянын маанилүү булагы болуп саналат жана алардын жеңишке болгон умтулуусун күчөтөт. Алдыдагы оюн футболчуларыбыздын Азия Кубогуна болгон даярдыгынынын маанилүү баскычы болот деп ишенебиз", - деп айтылат маалыматта.