Ички иштер министрлигинин Борбордук Аппаратынын кызматтык көп түрдүүлүк жана ок атуу боюнча чемпионаты болуп өттү
16 май

Ички иштер министрлигинин Борбордук Аппаратынын кызматтык көп түрдүүлүк жана ок атуу боюнча чемпионаты болуп өттү

Бишкек шаарынын түштүк "Динамо" спорттук комплексинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулган олимпиада чемпиону, дүйнө рекордсмени А. Мелентьевдин жаркын элесине арналган Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматтык көп түрдүүлүк жана ок атуу боюнча биринчилиги болуп өттү.

Аталган иш-чарага министрликтин борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышып, жогорку кесиптик даярдыгын, атуу чеберчилигин, чыдамкайлыгын жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, мындай мелдештерди өткөрүү кызматтык тартипти чыңдоого, өздүк курамдын кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында спортту жана сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түзөт.