Дүйнөлүк бокс легендасы Рой Джонс Ош шаарындагы спорт сүйүүчүлөрү үчүн мастер-класс өтөт
Ош мэриясы
2 октябрь

Дүйнөлүк бокс легендасы Рой Джонс Ош шаарындагы спорт сүйүүчүлөрү үчүн мастер-класс өтөт

Ош шаарынын күнүн белгилөө иш-чараларынын алкагында Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев дүйнөлүк бокстун супержылдызы, бир нече салмак категориялары боюнча дүйнө чемпиону Рой Джонсту (Roy Jones Jr.) кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаарда спортту массалык түрдө өнүктүрүү, жаштарды сергек жашоо образына тартуу жана таланттуу жаш спортчуларды колдоо демилгелери талкууланды.

Рой Джонс көрсөтүлгөн меймандостук жана жылуу кабыл алуу үчүн Ош шаарынын мэриясына ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга жана байыркы Ош шаарына келгенине абдан кубанычта экенин билдирди.

Белгилей кетсек, легендарлуу мушкер Ош шаарынын жаш боксчулары жана спорт сүйүүчүлөрү үчүн атайын мастер-класс өткөрөт. Анын жүрүшүндө ал өзүнүн бай тажрыйбасы, рингдеги кайталангыс чеберчилиги, сокку уруу техникасы жана жеңишке жетүүдөгү психологиялык сырлары менен бөлүшүп, жаштарга мотивация берет.