президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү
22 апрель
Ош облусунун башчысы дзюдо боюнча жеңишке жеткен спортчуларды сыйлады
Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев бүгүн, 22-апрелде облус аймагында өткөн дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасындагы биринчиликте байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды жана аларды даярдаган машыктыруучуларды кабыл алды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө облус башчысы спортчуларды жеңиштери менен куттуктап, алдыдагы мелдештерге ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле ал өлкөнүн, анын ичинде Ош облусунун атын дүйнөгө таанытууга салым кошуп жаткан спортчуларды ар тараптуу колдоого даяр экенин белгиледи.
Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Сыйлык алган спортчулар жана машыктыруучу:
- Бакирдинов Нурмухаммед
- Култаев Актилек
- Бекмамат кызы Айсулуу
- Өмүрзакова Жибек
- Аттокуров Илимбек — машыктыруучу.
