Бишкекте кудо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды
Бүгүн, 10-апрелде Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жаштар жана чоңдор арасындагы кудо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты старт алды.
Салтанаттуу ачылыш аземде спортсмендердин парады өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Каныбек Думанаев катышты.
Мелдешке өлкөнүн 5 аймагынан жалпы 120 спортсмен, 25 салмак чен бирдигинде катышып жатат.
Эркектер: 45кг, 50кг, 60кг, 70кг, 80кг, 85кг, 90кг, 95кг, 110кг чейинки жана 110кг жогору салмак категориясында.
Кыз-келиндер: 40кг, 45кг, 50кг, 55кг, 60кг, 65кг, 70кг, 80кг, 85кг, 90кг чейинки жана 90кг жогору салмакта күч сынашат.
