Нооруз. Ошто массалык улуттук спорттук иш-чаралар башталды
18 март

Нооруз. Ошто массалык улуттук спорттук иш-чаралар башталды

Бүгүн, 18-мартта Төлөйкөн ат майданында 21-март – Нооруз майрамына карата “Нооруз–2026” элдик майрамынын алкагында массалык улуттук спорттук иш-чаралар расмий түрдө башталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талант Арстанкулов, Көк бөрү федерациясынын өкүлдөрү жана тиешелүү жетекчилер катышты. Алар жыйынга келгендерди Нооруз майрамы менен куттуктап, мелдештин катышуучуларына ийгилик каалашты.

Иш-чаранын алкагында улуттук спорттун көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш жана салбуурун түрлөрү боюнча республикалык мелдештер өткөрүлүүдө. Мелдеш көк бөрү оюну менен башталып, ага 10дон ашуун команда катышууда.

Белгилей кетсек, оюндардын финалдык баскычы 21-март күнү өтөт.