Жогорку Кеңештин комитети Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгү боюнча маалымат алды
Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгү боюнча маалымат угулду.
Маалымат менен аталган агенттиктин директору Казыбек Молдажиев тааныштырды.
Талкуу маалында депутат Советбек Рустамбек уулу райондук дене тарбия жана спорт комитеттеринин ишмердүүлүгү жана аймактардагы спорттук командаларды колдоо тууралуу маселеге көңүл бурду. Депутат Болот Сагынаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасын тактап, улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө басым жасалышы керектигин билдирди. Эл өкүлу ошондой эле Ысык-Көл облусунун Тосор айылына эл аралык стандарттагы спорт комплексинин курулушу тууралуу да кеп кылды.
Депутат Гүлшаркан Култаева дагы аймактардагы спорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселесин көтөрдү. Депутат Гүлай Машрапова Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, спорт федерациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты координациялоо, аймактардагы машыктыруучулардын ишмердүүлүгү жана эмгек акысына байланышкан маселелерге токтолду.
Депутат Умбеталы Кыдыралиев эл аралык мелдештерге катышып жаткан спортчулардын жана командалардын окуу-машыгуу жыйындарын жана иш сапарларын каржылоо тууралуу сөз кылып, 2026-жылдын бюджетинде бул маселеге артыкчылык берүүнү сунуштады. Эл өкүлү мындан тышкары олимпиаданын байге ээлерине өмүр бою берилүүчү стипендиянын өлчөмүн кайра карап чыгууга чакырды.
Ал эми комитет төрайымы Токтобүбү Ашымбаева мамлекет спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүп жатканын белгилеп, спорт мектептерде эмгектенген машыктыруучулардын айлык акысын көтөрүү керектигин билдирди.
