Ош шаарында эл аралык “Көчмөн жолу” мотожүрүшү өтөт
Ош мэриясы
30 июнь

Ош шаарында эл аралык “Көчмөн жолу” мотожүрүшү өтөт

Oш шаарындагы борбордук аянтта бүгүн, 30-июнда мотосезондун салтанаттуу ачылышы болуп, “Көчмөн жолу” аттуу эл аралык мотожүрүш өткөрүлөт.

Мэриядан кабарлашкандай, иш-чара VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналып уюштурулууда.

Жүрүшкө Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Россиядан келген 150гө жакын байкер катышат. Алар өз өлкөлөрүнүн мотоклубдарын көрсөтүп, коопсуз жана маданияттуу айдоо маданиятын жайылтышат.

Иш-чара саат 15:30да башталып, маршрут Сулайман-Тоо этегинде жыйынтыкталат

Иш-чара шаардык бийликтин жана мотоклубдардын колдоосу менен өткөрүлүп, мото-туризмди өнүктүрүү жана жол коопсуздугун жогорулатуу максатын көздөйт.