Бишкекте спорттук күрөш боюнча эл аралык Super 4 Wrestling турнири өтөт
11 февраль

Бишкекте спорттук күрөш боюнча эл аралык Super 4 Wrestling турнири өтөт

Бишкек шаарындагы «Жаштык» спорт аренасында 13-февралда  спорттук күрөш боюнча Super 4 Wrestling (S4W) эл аралык турнири өтөт. Бул - жаңы форматтагы мелдеш болуп, анда бир салмак категориясында дүйнөлүк деңгээлдеги төрт балбан чемпиондук кур үчүн ат салышат.

Мэриядан кабарлашкандай, турнирге Кыргызстан, Россия, Казакстан, Азербайжан, Грузия, Монголия, Япония, АКШ жана Болгария өлкөлөрүy алдыңкы балбандары катышат.

Белгилей кетсек, жыл ичинде дүйнөнүн ар кайсы борбор шаарларында S4W турнирин төрт жолу өткөрүү пландалган. Бишкек - бул эл аралык мелдеш өтө турган алгачкы шаарлардын бири.

Турнир 13-февралда саат 16:00дө башталат. Көрүүчүлөр үчүн кирүү акысыз.