VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медалдык эсеби жүргүзүлбөйт
ДКОнун медиа-штабы
7 сентябрь

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медалдык эсеби жүргүзүлбөйт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын концепциясына ылайык, оюндун алкагында расмий медалдык жана командалык эсеп, ошондой эле өлкөлөрдүн жеңип алган медалдарынын саны боюнча жалпы рейтинг жүргүзүлбөйт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги максаты — салттуу спорт түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү, аларды дүйнө коомчулугуна кеңири жайылтуу, элдердин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө, ошондой эле маданий баалуулуктарды жайылтуу болуп саналат.

Оюндун концепсиясы атаандаштыкта эмес, ынтымактуулукту арттырууда. Ошол себептен Оюндардын жыйынтыгы боюнча мамлекеттер арасында жалпы медалдык рейтинг түзүлбөйт.