Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы CAVA Кубогунун жеңүүчүсү болду
26 декабрь

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы CAVA Кубогунун жеңүүчүсү болду

Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Борбор Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) Кубогунда жеңишке жетишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Кубок 19-25-декабрь күндөрү Мальдив аралынын Мале шаарында өттү.

Финалдык беттеште кыргызстандык волейболчулар мелдештин кожоюндары - Мальдив аралынын курама командасын 3:1 эсебинде жеңип, турнирдин баш байгесин жеңип алды.

Турнирдин жүрүшүндө Кыргызстандын курама командасы жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүп, Бангладеш жана Афганистан командаларын ишенимдүү утту. Тайпалык этапта ата мекендик спортсмендер Мальдив аралынынын командасына жеңилип, жарым финалда Афганистандын командасын кайрадан жеңип, чечүүчү финалдык беттешке жолдомо алган.

CAVA Кубогуна Кыргызстан, Афганистан, Бангладеш жана Мальдив аралынын улуттук курама командалары катышты.