"Аймактар" командасы "Мурас" футболдук мелдешинин жеңүүчүсү болду
Бүгүн, 14-декабрда борбор калаада жайгашкан Кыргыз футбол биримдигинин спорт комплексинде "Мурас" достук мелдешинин чейрек, жарым финалдык жана финалдык оюндары болуп өттү. Бул салттуу мелдеш тогузунчу жолу өткөрүлдү.
Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, бүгүн турнирдин көңүл жубатуучу беттештеринде "Ден соолук" командасы "Ыйманды" 4:1 эсеби менен ишеничтүү түрдө жеңип чыкты. Ал эми финалдык беттеште "Президенттин командасы" "Аймактар" менен кез келип, беттеште 1:1 эсебинен кийин пенальтилер сериясында оюн 3:4 менен жыйынтыкталды.
Финалдык беттештен кийин дароо командаларды сыйлоо аземи орун алып, сыйлыктарды президент Садыр Жапаров өз ээлерине тапшырды. Турнирдин байге фонду 1 млн сомду түзүп, ал алдынкы төрт орунду ээлеген командалар арасында бөлүштүрүлдү.
"Мурас" мелдешинин жыйынтыгы:
- I орун - "Аймактар" (400 миң сом);
- II орун - "Президенттин командасы" (300 миң сом);
- III орун - "Ден соолук" (200 миң сом);
- IV орун - "Ыйман" (100 миң сом).
Жеке номинациялар боюнча сыйлыктарга төмөнкү оюнчулар ээ болушту:
- мыкты оюнчу - Молдокулов Эрик ("Ыйман"),
- мыкты чабуулчу - Турусбеков Нурлан ("Ден соолук", 7 гол),
- мыкты дарбазачы - Алимов Нурбек ("Аймактар").
Жеке номинациялардын ар бир ээси 50 миң сомдон акчалай сыйлык алышты.
