Кирүү акысыз. КРнын U-17 өспүрүмдөр курамасы Бахрейнге каршы эки жолдоштук беттеш өткөрөт
29 июль

Кирүү акысыз. КРнын U-17 өспүрүмдөр курамасы Бахрейнге каршы эки жолдоштук беттеш өткөрөт

Кыргызстандын U-17 өспүрүмдөр курама командасы Бахрейнге каршы эки жолдоштук беттеш өткөрөт. 

Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашкандай, алар австриялык адис Александр Бауэрдин жетекчилиги алдындагы ойношот. 

Беттештер 29-июль жана 1-август күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда орун алат.

Аталган оюндар ушул жылдын 22-30-ноябрда Бишкекте өтө турган 2026-жылкы Азия Кубогунун тандоо оюндарына команданы даярдоо максатында өткөрүлөт.

Жолдоштук беттештер 21:00дө старт алат. Кирүү акысыз.