Самбо боюнча Азия жана Океания чемпионатында кыргызстандык спортчулар 26 медаль жеңди
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
29 июнь

Самбо боюнча Азия жана Океания чемпионатында кыргызстандык спортчулар 26 медаль жеңди

Ушул жылдын 25–28-июнь күндөрү Филиппин Республикасынын Манила шаарында самбо боюнча Азия жана Океания чемпионаты өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы жалпы 26 медаль жеңип, командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи.

Алтын медаль ээлери:
* Дастан Исаков (64 кг, өспүрүмдөр арасындагы күжүрмөн самбо)
* Даниель Шаршенов (64 кг, жаштар арасындагы спорттук самбо)
* Куттубек Төлөшев (71 кг, эркектер арасындагы күжүрмөн самбо)
* Бектен Эркебай уулу (88 кг, эркектер арасындагы күжүрмөн самбо)
* Артур Манченко (88 кг, жаштар арасындагы спорттук самбо)
* Эмир Жаныбеков (98 кг, өспүрүмдөр арасындагы күжүрмөн самбо)
* Артур Сансызбеков (98 кг, эркектер арасындагы спорттук самбо)
* Илья Сухинин (+98 кг, өспүрүмдөр арасындагы спорттук самбо)

Күмүш медаль ээлери:
* Акак Усон кызы (54 кг, кыз-келиндер арасындагы күжүрмөн самбо)
* Элмар Мамытканов (58 кг, жаштар арасындагы спорттук самбо)
* Жибек Омурзакова (65 кг, өспүрүм кыздар арасындагы спорттук самбо)
* Жеңишбек Жолдошов (71 кг, өспүрүмдөр арасындагы спорттук самбо)
* Төрөбек Темирбек уулу (79 кг, өспүрүмдөр арасындагы күжүрмөн самбо)
* Байэл Жакшылыков (79 кг, эркектер арасындагы спорттук самбо)
* Феликс Уланбеков (88 кг, эркектер арасындагы спорттук самбо)
* Тимурлан Токтоболотов (98 кг, эркектер арасындагы күжүрмөн самбо)
* Арсен Жумадилов (+98 кг, жаштар арасындагы спорттук самбо)
* Алымбек Адил уулу (+98 кг, эркектер арасындагы күжүрмөн самбо)

Коло медаль ээлери:
* Эркеайым Саматова (47 кг, кыздар арасындагы спорттук самбо)
* Шахнази Айбекова (50 кг, кыздар арасындагы спорттук самбо)
* Луиза Асакеева (50 кг, өспүрүм кыздар арасындагы спорттук самбо)
* Луиза Асакеева (50 кг, кыз-келиндер  арасындагы спорттук самбо)
* Дилбара Раимжанова (50 кг, кыз-келиндер  арасындагы күжүрмөн самбо)
* Кимал Оболбеков (58 кг, эркектер арасындагы спорттук самбо)
* Байбол Абдыманапов (58 кг, өспүрүмдөр арасындагы спорттук самбо)
* Кайрат Жусуп уулу (64 кг, эркектер арасындагы спорттук самбо)
* Берик Бараканов (71 кг, өспүрүмдөр арасындагы күжүрмөн самбо)
* Аделина Бакасова (72 кг, кыз-келиндер арасындагы күжүрмөн самбо)
* Байэл Исаков (79 кг, жаштар арасындагы спорттук самбо)
* Курманбек Замирбек уулу (79 кг, эркектер арасындагы күжүрмөн самбо)
* Мээримай Нурадилова (80 кг, кыз-келиндер арасындагы күжүрмөн самбо)
* Анастасия Колушева (80 кг, кыз-келиндер арасындагы спорттук самбо)
* Нурислам Памиров (88 кг, өспүрүмдөр арасындагы спорттук самбо)
* Марал Байбосунов (98 кг, жаштар арасындагы спорттук самбо)
* Никита Ворошилин (98 кг, өспүрүмдөр арасындагы спорттук самбо)
* Искендер Саралаев (+98 кг, эркектер арасындагы спорттук самбо)