Кыргызстандык спортчулар Таиландда өткөн Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту
17 февраль

Кыргызстандык спортчулар Таиландда өткөн Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту

Кыргызстандын жиу-житсу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Таиланддын Бангкок шаарында өткөн Азия чемпионатында 3 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде бирөө алтын, экөө күмүш. 

69 кг чейинки салмакта Рамазан Тянгубер алтын медалга ээ болуп, Азия чемпиону аталды.

Ал эми Янар Сарыбаев (+85 кг) жана Абдусалим Розобаев (52 кг) күмүш медалга ээ болушту.