2026-жылкы Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттеш өтөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
14 август

2026-жылкы Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттеш өтөт

Бишкек шаарындагы «Алга» спорт комплексинде 2026-жылкы Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттеш өтөт.

Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашкандай, оюн 19-августта өтөт.

Суперкубок үчүн учурдагы өлкө чемпиону — Каракол шаарынан «Барс» футболдук клубу жана 2025-жылкы Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси — Бишкектин «Дордой» клубу күч сынашат. Беттеш саат 20:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттештер 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. «Дордой» клубу бул олжону 6 жолу жеңип алган.

Билеттер kassir.kg сайтында жеткиликтүү.