Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
25 май
Вьетнамда спорттук күрөш боюнча өтүп жаткан Азия чемпионатында Айжаркын Жаныбекова коло утту
Вьетнамдын Да Нанг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча (U-17 жана U-23) Азия чемпионатында кыз-келиндер арасында Айжаркын Жаныбекова коло медалга ээ болду.
Ал 76кг чейинки салмак категориясында беттешип, айлампалык беттештердин жыйынтыгы менен, упай артыкчылыгынын негизинде коло медалга ээ болду.
Аталган мелдештер 31-майга чейин уланат.
